Кант шаарында өзбек жараны “жарандык никедеги аялын өлтүргөн” деп шектелип кармалды

Кант шаарында “жарандык никедеги аялын өлтүргөн” деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-сентябрь күнү саат 10:20 чамасында 43 жаштагы Г.Б. аттуу аялдын жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Өзбекстандын 26 жаштагы О.М. аттуу жараны кармалган.

Буга чейин маркум менен кылмышка шектүү жарандык никеде жашап келишкен. Шектүүнүн айтымында, мындай жолго кызганычтан улам барган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nurka_85
2016-09-22 13:59:03
43-26=17
Кызганыч.
Олум.
Турмо.
+1
mambo-1984
2016-09-22 14:14:33
26 жаштагы бала 43 жаштагы менен жашапы тобоо.
+2
gordaya
2016-09-22 14:32:29
mambo-1984,дагы аны кызганып э)))
0
Usow
2016-09-22 14:36:45
Чон эле эжени кызганып алыптырго
0
Sirduusezim
2016-09-22 14:44:41
Шумдук чындап суйуппу же финансысы учун суйуппу
+2
samsungc3
2016-09-22 14:59:21
Озунун баласынан эле бир эки жпш улууго "ЭР"соройу. Тообо, тообо
0
Eliza-2014
2016-09-22 17:06:03
Шумдугун кургур эркектер жинди болуп баратат энесиндей адам менен жашап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан