Айрым облустардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо дайындалды

15-апрелде президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, айылдык кеңештердеги  кайрадан шайлоолор 2013-жылдын 26-майына, жекшемби күнгө  дайындалды. Шайлоо төмөнкү аймактарда өтөт:

Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешине

Араван районунун С.Юсупов атындагы айылдык кеңешине

Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Жоош айылдык кеңештерине

Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешине

Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешине

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңешине

Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешине

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешине

Сокулук районунун Новопавловка жана Орок айылдык кеңештерине

Москва районунун Александровка айылдык кеңешине

Жайыл районунун Красновосточный айылдык кеңешине

Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешине

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан