АКШнын Шарлотт шаарында массалык баш аламандыктардан улам өзгөчө кырдаал киргизилди

АКШнын Шарлотт шаарында массалык баш аламандыктардан улам өзгөчө кырдаал киргизилгенин Түндүк Каролина штатынын губернатору Патрик Маккори жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, массалык баш аламандыктар шейшемби күнү полиция кызматкери 43 жаштагы Кейт Скотт аттуу кара терилүү адамды атып салгандан улам башталган. Маркумдун туугандары социалдык тармактар аркылуу тууганынын колунда полиция билдиргендей ок атуучу курал эмес, китеп болгондугун жазып чыккандан кийин баш аламандыктар күч алган.

"Массалык баш аламандыктарга чыккандар журналисттерге, көчөдөн ары-бери өткөндөргө кол салып, өрт коюп, айнектерди, полиция кызматкерлеринин унааларын талкалашкан. Аларды качыруу үчүн полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ, желим окторду колдонушкан. Жалпы 12 полиция кызматкери жабыркаган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beksultan-007
2016-09-22 15:42:13
Шайлоонун шарапаты.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан