Жыл башынан бери Бишкек шаарында катталган жол кырсыктарынан 76 адам каза болгон

Жыл башынан бери Бишкек шаарында катталган жол кырсыктарынан 76 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы сутка ичинде шаардын аймагында 4 жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алган. Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын маалыматына таянсак, орто эсеп менен суткасына катталган жол кырсыктарынын саны 10го, айрым учурларда 15ке чейин жетет.

“8 ай аралыгында шаар ичинде 753 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 1017 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, оор жаракаттардан улам 76 адам көз жумган”, - деди Бугубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан