Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 33 жаштагы Ч.А. 21-сентябрь күнү ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан кармалган. Текшерүү учурунда андан 5 грамм гашиш табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, 33 жаштагы Ч.А. ички иштер органдарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Ал буга чейин “денеге оор залал келтирүү” беренеси боюнча айыпталып, бирок ал сотто эки тараптын элдешип алганына байланыштуу бошотулган.