Динара Сагынбаева: "Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары негизсиз бошотулду"

12-апрелде болгон өкмөттүн жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарегине катуу сындар айтылгандыгын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдиргенин аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо тармагында чечилбеген көп көйгөйлөр бар. Аны менен күрөшүүгө жалгыз Саламаттыкты сактоо министрлигинин күчү жетпейт. Ал үчүн мамлекеттин жана коомдун колдоосу керек. Ошондой эле министр өзү жетектеген министрликте кээ бир учурларда өз ишине шалаакы мамиле кылган кызматкерлер кездешерин, алардын кээ бирине кылмыш иштери дагы козголуп, айрымдары жумуштан кеткенин айткан. Кызматтан алынган Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары тууралуу Д.Сагынбаева алардын позициясын коргоорун маалымдады. “Саламаттыкты сактоо министринин каржы иштери боюнча орун басары Болот Элебесов кызматтан эч кандай негизи жок алынды. Каржы тармагы боюнча министрликте реформалар жүргүзүлүп келген. Ал эми Саламаттыкты сактоо министринин дарылоо маселелери боюнча орун басары Марат Калиев жаш, билимдүү, өз ишин билген кадрлардан болчу. Акыркы жылдары Калиев жакшы көрсөткүчтөрдү жана профессионалдуулук өсүшүн көрсөтүп келди. Мындай кадрларды, тескерисинче, өстүрүш керек эле”, деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан