Дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайы аныкталды

Британиядагы Оксфорд университети дүйнөдөгү эң мыкты университет деп табылды. Дүйнөнүн алдынкы жогорку окуу жайларынын рейтингин "Times Higher Education" басылмасы "Thomson-Reuters" маалыматтык кызматы менен биргеликте түзгөн.

"Тизменин 13 жылдык тарыхында биринчи жолу америкалык эмес жогорку окуу жай мыкты деп табылды. Оксфорд университети өз эшигин 1096-жылы ачкан. Быйыл ал беш жылдан бери рейтингдин сап башында турган Калифорния технологиялык институтун экинчи орунга жылдырды. Бул орун алмашуудан башка тизменин алдынкы сабы өзгөрүүсүз калган: үчүнчү орунда - калифорниялык Стэнфорд, төртүнчүдө - англиялык Кембриж, андан соң Массачусетс технологиялык институту, Гарвард, Принстонс университеттери жайгашкан. Алдынкы ондуктун катарына 6 америкалык окуу жай кирген", - деп айтылат маалыматта.

Рейтингди түзүүдө жогорку окуу жайлардын илимий салмактары негизги ролду ойнойт. Ал басылып чыккан илимий макалалардын саны, цитата катары пайдаланылуусу, тартылган грант өлчөмү, эксперттик коомчулуктун пикири жана чет өлкөлүк кесиптештери менен биргелешип алынып барылган иштердин көлөмү сыяктуу көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.

Мыкты 200 окуу жайдын катарына Орусиядан бир гана Москва мамлекеттик университети кирип, 188-орунга жайгаштырылган. Өткөн жылы Орусияда мыкты эки жүздүктү толуктаган жогорку окуу жайлардын саны төртөө болгон. Тизмеге кирген орусиялык 24 окуу жайдын тогузу былтыркы ээлеген орундарынан төмөндөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Maha-0711
2016-09-23 09:01:48
Кана эми ошол университетте окуп калсам....
+9
Abdurahman
2016-09-23 09:13:43
Жаштын тилегин берет дейт. Кудайдан тилеп аракет кылсак окуп калышыбыз ажеп эмес
+7
barakcha
2016-09-23 09:29:00
Биз окубасак дагы балдарыбызга насип этсин!
+9
bekhaliev
2016-09-23 11:09:27
Мен окууган университетго,аябай жакшы,кудайга шугур диплом бар ОКСФОРДО бутконмун азыр тел чукулап базарда отурам карасууда,соода жок,болок иш кылыш к.к.
+5
simone
2016-09-23 14:48:46
bekhaliev,дипломдун жардамы тиет бир куну, келечек алдыда...
-2
Drongo
2016-09-23 19:36:58
bekhaliev,Оксфордду бутконуно ишениш кыйын.Окуганын чын болсо базарда отурбайт болчусун.
+1
emka96kg
2016-09-24 02:37:43
Drongo,
кимдир бирөөнүн чуство юморасы жок окшойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан