Феликс Кулов министр Кылычбек Султановду жумуштан алууну сунуштады

“Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановду ээлеген кызматынан бошотуу керек”,- дейт “Ар-намыс” фракциясынын лидери.

Эл өкүлү бул пикирин Социалдык өнүктүрүү министрлиги тараткан билдирүүдөн улам айтып отурат. “Кылычбек Султанов туура эмес иш кылды, жетекчисин сындоого акысы жок болчу. Эгер жетекчиликти сындагысы келсе, отставкага кетери тууралуу жарыя кылып, анан сындай берсе болот. Премьер-министрдин ордунда болсом, мен аны кызматтан кетирмекмин”,- дейт депутат.

Эске салсак, Феликс Куловду минтип бушайманга салган билдирүүнү Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2012-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча өкмөттүк жыйын өткөндөн кийин тараткан. Өкмөттүк жыйында вице-премьер-министр Камила Талиева сүйлөп, өзү жетекчилик кылган тармактагы министрликтердин баарын сынга алды.

 Камила Талиеванын сынына кабылбаган өзү башкарган бир да социалдык мекеме калган жок.

Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов вице-премьер-министрдин сындарына өз пикирин төмөнкүчө билдирген эле:

"Мен кошулам, учурда чечилбеген көптөгөн социалдык көйгөйлөр бар жана эл бизден алардын чечилишин күтүп жатат. Ошону менен бирге социалдык тармактагы көйгөйлөрдү чечүү түздөн-түз республиканын экономикалык абалынан, бюджеттик мүмкүнчүлүгүнөн жана бардык министрликтердин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын так, бири-бири менен айкалышта иштөөсүнөн көз каранды. Аталган министрликтердин, мекемелердин айкалышта иштөөсүн уюштуруу, ошого өбөлгө түзүү - вице-премьер-министр Камила Талиеванын милдети. Ал өзү башкарган министрликтерге жана мекемелерге карата социалдык маселелерди чечүү тууралуу багыт көрсөтпөстөн, жалаң гана жабыртып жамандаганы мени абдан өкүндүрдү. Камила Талиева мындай билдирүүсү менен социалдык тармакты башкара албастыгын көрсөттү жана менимче, өзүнүн ишине баа берип койду”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан