Бишкекте "тургундун 500 миң сомдук зер буюмдарын сатып берем деп алып, качып кеткен" деп шектелген аял кармалды

Бишкекте "тургундун 500 миң сомдук зер буюмдарын сатып берем деп алып, качып кеткен" деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1979-жылы туулган О.Т. аттуу тургун кайрылып, Зина аттуу чала тааныш аял 500 миң сомдук зер буюмдарын сатып берем деп алып, ошол боюнча качып кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп, кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган З.Б. кармалган.

Учурда кылмышка шектүү мындан башка дагы бир канча алдамчылык фактылары боюнча айыпталууда. Эгер андан жабыркагандар болсо, (0778) 75-00-05, (0553) 10-26-31 номурларына чалып, кабарлап койсо болот”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurka_85
2016-09-23 10:03:30
Азыр ошол алдангандар келесообу?
Чала таанышка эмес жакшы таанышка деле ишеништин кереги жок.
+5
aiba_00
2016-09-23 10:30:29
Тыш жалтырак ичинде ит олуп калган аял экен да.
+2
muhsina
2016-09-23 10:36:47
Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында деп бекеринен айтылган эмес...
+3
Gul.08
2016-09-23 15:35:02
Азыр туугандарын алдап жаткан заман болуп жатпайбы...ишенсен толька бир туугандарын ата-энене гана ишен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан