Москванын чыгышындагы пластик буюмдарын сактоочу кампада чыккан өрттү өчүрүү учурунда 8 өрт өчүрүүчү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кампанын чатырындагы жалынды өчүрүү учурунда имараттын шыбы урап, өрт өчүрүүчүлөр урандынын алдында калышкан. Учурда өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, келип чыгуу себептери такталууда.
Айта кетсек, өрт кырсыгы кечээ, 22-сентябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да башталган. “Виктория” ишканасына тиешелүү кампада пластик буюмдары (оюнчуктар жана жасалма гүлдөр) сакталчу. Мындан улам тилсиз жоо аз убакыттын ичинде 4 миң чарчы метр аянтты өз кучагына алган.