Бүгүн, 16-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Үсөнбаев, Табачный, Т.Молдо, Ташкент, П.Лумумбы көчөлөрүндө, Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Энгельс, Пирогов, Т.Молдо көчөлөрүндө жана Алексеевка айылында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул чектөөлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болорун “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.