Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 23-сентябрда "Манас" аэропортунда көчмө жыйын өткөрүп, аэропорттун ишмердүүлүгү менен таанышты. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн полиэтиленге ороодо канча каражат түшүп жатканына кызыкты. "2015-жылы аэропорт аркылуу учуп келип, учуп кеткендердин саны 3 миллиондон ашыптыр. Алардын жарымынын жүгү болсо, жарымынын жүгү жок, бирок көпчүлүгү жүгүн полиэтиленге оротот. Мындан канча каражат түшөт?" - деп сурады Текебаев.
"Манас" Эл аралык аэропорту" коомунун башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев суроого так жооп берүүдөн баш тартты. "Канча каражат түшүп жатканын айта албайм, анткени жеке жактарга ижарага берилген", - деди Чукуев. Мындай жоопко канааттанбаган Текебаев: "Аэропорт мамлекеттики болгондон кийин силер айтышыңар керек же "билбейм" дегиле. Ижарага берилсе да канча акча түшө турганы боюнча планыңар болуш керек", - деди.