Өмүрбек Текебаев: "Манас" аэропортунда 2005-2007-жылдары ири кыңыр иштер болгон"

"Манас" аэропортунда 2005-2007-жылдары ири кыңыр иштер болгон". Мындай пикирин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 23-сентябрда журналисттерге билдирди.

Аэропорттун маалыматына таянсак, аэропорт уюштурулганда кыргыз тараптын акциясы 49 пайыз болсо, италиялык компаниянын акциясы 51 пайыз болгон. Кийин 2005-2007-жылдары кыргыз тараптын акциясы 31 пайызга төмөндөп кеткен, бирок аэропорттун башкармалыгы эмне себептен мындай болгонун толук жана так маалымдаган жок. "Манас" Эл аралык аэропорту" коомунун башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев бул үчүн документтерди карап чыгуу керектигин билдирди. Ошондой эле фракция өкүлдөрү менен башкармалыктын өкүлдөрү бир катар сатып алуулар боюнча талашып-тартышып, жыйынтыгында депутаттар аудит жүргүзүү керектигин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Shef87
2016-09-23 16:19:15
аудитинер таза болсо жургузсонор болмок
-2
Rifle_S
2016-09-23 17:47:05
Мына жашоо. Бири бирин чукуламай башталды. Эмне үчүн ошол кыңыр иштер болуп жатканда чара көрүлгөн эмес ?
Болуп өткөн ишти компромат катары колдонбой, аракет жасаса болбойбу.
+4
shamshiev.80
2016-09-24 13:41:00
Rifle_S,эн башкы коррупция чиновниктерде бизде кыргызстанда,ошону менен курошуп жатат бул киши Азамат, омурун берсин
0
Abdyrashit.Satylganov
2016-09-23 17:51:52
Болуп жаткан көрүнүштөрдү беларустун бир жаранына шылтай берчү эле .Муну дагын ошого шылтабаса болгону.
+3
elchi84
2016-09-23 18:56:20
Шайлоо жакындап жатат башталды дагы.
+1
Elusha88
2016-09-24 00:28:40
Чукугучтардын колунан чукуш эле келет, чукушуп эле оздору тимеле ап апак болуп корунгусу келет.
+1
shamshiev.80
2016-09-24 13:36:50
Elusha88,чукулаштан коркуп отургандар барго маяананы алып коюуп журо берет.Сен мага тийбесен мен сага таккыр тийбейм дегендейлер
0
xnurgul_gul
2016-09-24 09:56:48
Бийликтин ак терек кок терек бизден сизге ким керек башталды
0
aiman1983
2016-09-26 08:30:26
Кыргызстанга куйгон бир Текебаев болсо аны да жеп буткуло. Чындыкты айтса кимге жакмак, конституцияга каршы болуп койгону учун, эми чукулап баштадынарбы? 2005-жылы ката кеткен болсо эмнеге эми ойлондунар, 11жылдан кийин. Элди ойлобой эле озунор менен озунор, 16 кыз куйуп жатса, 9адам Ош Бишкек жолунда олуп жатса, ажобуз ыр жаздырып ырдабачы, кочмондор оюну, туулган кун, туулган кундон кийинки похмелье, оору. Жеп жутуп алса да Текебаев Кыргызстанды жакшы башкармак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан