"Ушул жылдын январь-март аралыгында ички дүң өнүмдүн иш жүзүндөгү өсүшү 7,6 пайызды түздү". Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында Каржы министри Ольга Лаврова билдирди. Айтымында, ички дүң өнүмдүн жалпы көлөмү 59 миллиард сомго жетти. “Башкача айтканда, өткөн үч айда мамлекеттик бюджетке 25 миллиард 685 миллион сом түшүп, пландалган көрсөткүч 94 пайызга аткарылган”, деди министр. Ал эми депутат Ахматбек Келдибеков ички дүң өнүмдүн 7,6 пайызды түзүшү аздык кыларын, бюджеттин бардык беренелерин толугу менен камсыз кылуу үчүн экономика өсүшү 13-14 пайызды түзүшү керектигин баса белгиледи.