Ысык-Ата районунда жергиликтүү тургун гашиш менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"21-сентябрь күнү ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде Кант шаарынын 55 жаштагы Б.Я. аттуу тургуну кармалган. Аны текшерүү учурунда 3,5 грамм гашиш табылган. Учурда далил зат жана кармалган жаран Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.