Борбор калаада батирлерди тоноого шектелгендер кармалышты (фото)

Борбор калаада батирлерди тоноого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган Ысык-Көл облусунун 1994-жылы туулган Э.А., 1993-жылы туулган Ш.К. жана 1993-жылы туулган А.А. аттуу Чүй облусунун тургундары учурда борбордогу 3 батирди тоногонун мойнуна алышкан. Учурда калган кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери жана башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүрүүдө. Кылмышка шектелип кармалгандардын жанынан далил буюмдар да алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
vangolu
2016-09-23 17:58:52
толук аты жазылбаса.же лицосу корунбосо,бул маалыматтын эмне кереги бар бизге
+22
sasyura
2016-09-24 00:13:29
Бешене тер менен иштеп акча таба турган балдар экен. Окунучтуу мындай жолду тандаганы...
+1
radyakiz
2016-09-24 12:24:01
Ключтун туру бар го,уйлорго оной эле киришет экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан