Талас облусунун Чоң-Өр ашуусунда ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-сентябрь күнү оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери биргеликте ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, “Белка” аңчылык куралын табышкан. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, курал УКМКга өткөрүлүп берилди.