Сузак районунда уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү ээн баштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
“Окуя үстүбүздөгү жылдын 25-августуна караган түнү болгон. Анда Киа Соренто унаасынын айдоочусу менен Хонда Стрим унаасынын айдоочусунун ортосунда уруш чыккан. Ал ортодо экинчи унаанын ичиндеги белгисиз адамдар ок атуучу курал менен биринчи унааны бир нече жолу аткылашкан. Бул кылмышка шектүү катары 32 жаштагы К.О. жана 19 жаштагы А.Б. кармалды. К.О. уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары каттоодо турат. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.