Бүгүн, 24-сентябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда 2 беттеш болот. Бишкекте "Алга" клубу Оштун "Алай" клубун кабыл алса, Кант шаарында "Абдыш-Ата" клубу нарындык "Ала-Тоону" кабыл алат.
"Алга"-"Алай" беттешинде чемпиондуктун тагдыры чечилип калышы толук ыктымал, себеби бул оюнда 2 команданын биринин упай жоготкону атаандаштарынан алдыга озуп бараткан "Дордойго" мыкты мүмкүнчүлүк алып келет.