Казакстанда каза болгон эки кыргыз жараны өлкөгө алынып келинди
Казакстандын Астана
шаарында каза болгон эки кыргыз жараны 13-апрелде Кыргызстанга
алынып келинди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, аталган эки жаран 10-апрелде Астана шаарындагы “Европа-Палас” курулуш мекемесинде иштеп
жаткан жеринен кырсыкка учурап каза болгон. Алар: Ысык-Көл облусунун тургундары 1990-жылы туулган Асангазиев Урмат жана 1985-жылы туулган Дөңбаев Эрмек. Ошондой эле алар менен чогуу иштеп жаткан Аламанов Мелис аттуу жаран жеңил жаракат алып,
ооруканага жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча Казакстандын тийиштүү органдары тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.