24-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында Ironstar долбоорунун алкагында триатлон боюнча кезектеги мелдеш орун алды. Триатлон - сууда сүзүү, веложарыш жана жеңил атлетика сыяктуу 3 спорт түрүн айкалыштырган спорт. Бул мелдешке Кыргыз мамлекетинен Данияр Оморов катышып кайтты.
Мелдешке катышууну каалагандар алдын ала арыз беришет. Данияр Оморов 3,8 чакырым аралыкка сүзүү, 180 чакырым аралыкты велосипед тээп артта калтыруу жана 42,2 чакырым аралыкка чуркоо боюнча күчүн сынады. Эң татаал мелдешти тандаган спортчубуз финалга жеткен 177 спортчунун ичинен 172-орунду ээледи. Ал аталган аралыктарды сүзүп, велосипед тээп жана чуркап багынтууга жалпысынан 12 саат короткон.
Бул татаал мелдештин марага жеткен ар бир катышуучусу Ironstar наамына ээ болот.