“Кыргызстандан бир жылда 50 миллиард метр куб суу сыртка агып чыгат”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 16-апрелде Экономика министрлигинде өтүп жаткан тегерек столдо Экономика министри Темир Сариев билдирди. “Түркиянын премьер-министри дагы Кыргызстандагы иш сапары учурунда сууларды мамлекеттин бюджетине пайда алып келгидей кылып колдонуу керектигин айтты. Суу - бул чоң байлык. Суу агып жатканда көптөгөн жылдар бою карап гана келгенбиз, бүгүн сууну колдонууну үйрөндүк”,- деди министр. Ошондой эле министр өлкөдө 1 жыл ичинде 15 миллиард 158 миллион киловатт-саат электр энергиясы иштелип чыгарын айтты.