Садыр Жапаров "Текебаев айткандардын баары чындык" деди

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүү боюнча саясий тиреште Өмүрбек Текебаев тарапта экенин ырастады. Саясатчы учурдагы саясий кырдаал боюнча "Асман+" гезитине комментарий берген.

"Кыргызстанда саясий абал, чындыгында, курчуп баратат.
Күндөн-күнгө бири-биринин абийирин ачышууда. Кимиси жеңет, аны убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси, эрегиштен эр өлөт болуп мамлекет, эл жабыркап калбаса болду. Текебаевдин айткандары толук чындык. Бул жагынан эч кандай күмөн болушу мүмкүн эмес",
- дейт Жапаров.

Белгилей кетсек, депутат Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди, анын тегерегиндегилерди бийликти басып алуу аракетине айыптап жатат. Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы турууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан