13-14-апрель күндөрү укук коргоо кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-аракети учурунда аталган шаарда жашаган шектүү 10 аялдын үйлөрүн текшергенде 400дөн ашуун ар кандай китептер, 150 экстремисттик маалыматтарды алып жүрүүчү электрондук буюмдар табылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.