2013-жылдын 3 ай аралыгында “Ош электр” ишканасынан 17 текшерүүчү иштен бошотулганын бүгүн, 16-апрелде коррупцияга каршы күрөшүү темасында өтүп жаткан форумда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди. Бишкек ЖЭБинде каражаттарды башкаруу системи жакшырганын айткан статс-катчы жыл башынан бери “Кыргызгаз” ишканасында коррупцияга катыштыгы бар бир катар кызматкерлер иштен алынганын кошумчалады. “Учурда газдын баасы тууралуу маалыматты мекеме ачык айтып жарыялоодо. Негизи эле электр тармагындагы бардык маалыматтар ачык-айкын жүргүзүлүүдө”,- деди Баетов. Ошондой бул тармакта болуп жаткан коррупцияны жоюу боюнча атайын план иштелип чыккандыгын кошумчалады ал.