"Кыргызстандын энергетика тармагында натыйжалуу башкаруу жок",- дейт 16-апрелде коррупцияга каршы күрөшүү маселесине арналып өтүп жаткан форумда “Люстрация” элдик кыймылынын өкүлү Жаныбек Солпуев. Анын айтымында, энергетика тармагындагы бардык коррупциялык иштер электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардан башталат. Анткени ал ишканалардагы электр энергиясын бөлүштүрүү тууралуу маалымат коомчулукка жашыруун болуп келет. “Бүгүнкү күндө энергетика тармагында коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу болбой жатат. Бөлүштүрүү компанияларында коррупциялык иштер абдан эле көп”,- деди ал.