Бүгүн, 16-апрелде саат 04:32 чамасында Ысык-Көл облусунда күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө болду. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Каракол шаарынын түштүк-батыш тарабынан 75 чакырым алыстыкта орун алды. Бул табият кубулушунан жапа чеккен адамдар жана кыйроолор болгон жок.