"Жогорку Кеңештин депутаттары бизди тоготпой калышты", - деди бүгүн, 27-сентябрда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине арналган коомдук угууда укук коргоочу Динара Ошурахунова.
"Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеп жаткан депутаттар аймактарда аталган демилге боюнча коомдук угууларды жүргүздүк дешүүдө. Биз стенограммаларын сурасак, беребиз деп убада беришти эле, бирок бүгүнкү күнгө чейин берише элек. Бүгүн атайын юристтерди, эксперттерди, саясатчыларды чакырып, талкууну уюштурсак, бир да демилгечи депутат келген жок. Биз депутаттарды иш бөлмөлөрүнө чейин барып чакырган элек. Депутаттар канчалык бизден качышса, алардын иши ошончолук таза эмес деген ой жаралат. Эгер демилгесин таза, адилеттүү, мыйзамдуу деп эсептешсе, бул жакка келип айтышпайбы", - деди Ошурахунова.
Айта кетсек, бүгүнкү коомдук угууга Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Жакупова менен Өмүрбек Текебаев келди. Депутат Алмамбет Шыкмаматов бир аз кечигип келди.