Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл өкмөтүндө оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен арка 465 миң сомго курулган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 27-сентябрда аталган айыл өкмөттүн башкы эсепчиси Санжарбек Ажыматов ырастады.
"Арканы курууга тендер жарыяланып, ишканалардын бири утуп алган. Курулуш иши жаңы гана бүтүп, бирок объектти айыл өкмөттүн балансына өткөрүп ала элек болчубуз. Кечээ оор жүк менен келе жаткан унаанын дөңгөлөгү жарылып, кырсыкка туш болду. Эми курган ишкана айдоочу менен сүйлөшүп, арканы калыбына келтирип берет. Тийиштүү документтер түзүлдү", - деди башкы эсепчи.
Маалыматка таянсак, унаанын айдоочусу соо болгон. Аркага жакын калганда дөңгөлөгү жарылып, унааны бир капталына тартып кеткен.
Эскерте кетсек, Ак-Жол айылында жаңы курулуп бүтүп, 1-октябрда расмий ачылышы күтүлүп жаткан арканы оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткенин кечээ жергиликтүү тургундардын бири "Элдик кабарга" маалымдаган эле.