Мыктыбек Абдылдаев: "ЖКга киргенде баарыбызды бирдей текшерсин, болбосо коменданттык саат деп жарыялайлы"

Депутат Мыктыбек Абдылдаев бүгүнкү жыйында кесиптештеринин текшерүү боюнча айткан нааразычылыктарын колдоого алып, унаалардын адилеттүү текшерилбей жатканын айтты. "Мен эртең менен Жогорку Кеңештин дарбазасынан кирип келе жатсам токтотушуп, текшерип калышты. Аңгыча 02 деген номурлуу унаа келди эле, өткөрүп жиберишти. Сурасам, "бул чоңдун унаасы" дейт. Президенттик Аппараттын унаасы экен. Текшерсе баарыбызды текшерсин, болбосо коменданттык саат киргизилди деп жарыялап коёлу",- деди эл өкүлү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан