КҮНСЕРЕП: Мүлкүн элге көрсөтүү кезеги Атамбаев жана анын командасында

Бүгүн, 27-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бийлик Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын үстүнөн толук көзөмөл орнотконуна жетишерлик мандаты болбогон соң, тажрыйбалуу оппозициячы “Ата Мекен”, жалгыздап каршы чыгып жаткан Чолпон Жакупова тоскоол боло албасына күбө болуп жатабыз. Бул жагынан алганда учурдагы Жогорку Кеңеш бакиевдик “Ак жолду” эске салат. Болгон айырмасы: “Ак жол” бир фракция болсо, учурдагы бийликтин фракциялары бир нече. Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети “Референдум жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Ага ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылдын 4-декабрына дайындалат. Конституциялык мыйзам долбоору палатада кийинки окууларга өтүш үчүн биринчи окууда 80ден кем эмес добуш топтошу керек. Аталган долбоорду 84 депутат демилгелеп жатат. Алар: КСДП фракциясынын толук курамы жана “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” менен “Бир болдун” депутаттарынын басымдуу бөлүгү. Демек, документти жалпы палатанын 3 кароосунан өткөрүү чоң маселе жаратпайт. Комитетте аталган долбоор талкууланып жатканда “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаевден отчёт алды. Бабанов “Эмнеге “Өнүгүү-Прогресс” демилгени колдогон жок? Же коалицияга кирбейби?” деп суроо салды. Бабановдун эмнени көздөп турганы түшүнүктүү, ал коалицияга кирүүнү каалайт. Андыктан парламенттеги ар бир ыңгайлуу учурду коё бербей коалициянын ыркы начар экенин баса белгилеп, башкаруучулар тарапка өтүүгө аракет жасап жатат. “Бул жерден эч кандай оюнду издештин кереги жок. Долбоорду киргизүүдө процедуралар бузулган жокпу, ошону карашыбыз керек”, - деп кутулду Төрөбаев. Төрөбаев менен кошо “ата мекенчилер” Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана “бир болчулар” Чолпон Жакупова менен Мыктыбек Абдылдаев мыйзам бузулуп жатканын эскертип жатышты. Өкмөттүн шашылыш корутунду чыгарышы шек жаратууда. "Вице-премьер-министр Абылгазиев өкмөттүн өткөн аптадагы жыйыны шейшемби же шаршемби күнү өткөн деди. Мындан башка жыйын өткөн эмес. Ал эми мыйзам долбоору жума күнү кечке жуук киргизилген. Демек, төрага документти шашылыш түрдө өкмөткө жиберип, өкмөт өзүнүн корутундусун шашылыш бере салган. Өкмөттүк жыйындын протоколу кайда калды?" Депутат Өмүрбек Текебаевдин мындай суроосуна өкмөттүн парламенттеги өкүлү “мыйзам долбоору маанилүү болгону үчүн өкмөт корутундуну шашылыш жасап берди" деп жооп узатты. Маанилүү ишти шашылыш кабыл алуунун өзү кооптуу. Маанилүү иш боюнча бардык министрликтер корутунду бериши зарыл. Өкмөт андай корутундулары жок эле аталган мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке өз жыйынтыгын бере салган. Депутат Жакупова референдум жөнүндө мыйзам долбоору коррупциялык, гендердик, укуктук экспертизалардан өтпөгөнү үчүн демилгечилерди сынга алды. “Тийиштүү эрежелерди бузуу менен киргизилген долбоорду кароого биздин моралдык укугубуз барбы?” - деп сурады Жакупова. Комитеттин башчысында мындай суроого жооп жок. Ал “долбоор күн тартибине киргизилген, добуш берүү аркылуу чечишибиз керек” деген сөздү улам кайталоо менен чектелип отуруп калды. Жыйынтыгында комитет долбоорду 1-окууда жактырып, палатанын кароосуна жөнөттү. Бийлик айрым депутаттар, коомчулук тарабынан айтылып жаткан эскертүүлөргө, кайрылууларга кулак салбай, мыйзам эрежелерин тебелеп өтүп, улам бир керектүү мыйзам долбоорду күчкө салуу менен кабыл алдырып жатат. Натыйжасыз башкарууну, бардык кемчилик-катачылыктарды учурдагы Баш мыйзамга шылтап жатышат. 4-декабрь дагы келет. Андан кийин да жашоо уланат. Кийин кимге шылтоолошот?..

Кечээ “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерди өзүнө жана үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрү менен тааныштырды. Болгон мүлкүн декларацияда көрсөтүп келе жатканын билдирген “Ата Мекендин” лидери жаап-жашыра турган, чочулай турган жери жок экенин көрсөттү. Пресс-турдун жүрүшүндө президенттин айланасындагы Сапар Исаков менен Фарид Ниязовдун мүлктөрү тууралуу да сөз болду. “Президенттин жанында жүргөн Сапар Исаков элиталык турак жайда 5 бөлмөлүү батирде жашайт, мен 3 бөлмөлүүдө. Кайсы акчасына жөнөкөй чиновник мындай кымбат батирди сатып алды? Же Фарид Ниязов... Анын декларациясында көптөгөн жер тилкеси бар деп жазылып турат, бирок үй-бүлөсүнүн кирешеси меникинен кыйла аз экен. Мынча көп жерди кайсы кирешесине алып жатат?” - деп суроо салат Текебаев. Ошентип, мүлктөр боюнча териштирүү толкуну эми баш калаанын мэри Албек Ибраимовго кошо президенттик аппарат башчысы Фарид Ниязов менен аппаратта тышкы иштер боюнча бөлүмдүн башчысы Сапар Исаковду каптады. Бүгүн жарандык активист Адил Турдукулов Сапар Исаков элиталык үйдөн 127 чарчы метрди ээлеген батирди кайдан келген акчага сатып алганын териштирип чыгуу суроосу менен Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди.

Максим Бакиевге арналган жерге Атамбаев кандайча ээ болуп калганын коомчулукка жарыя кылуу, өзү ээлик кылган мүлктөрүн тизмелеп көрсөтүү менен Өмүрбек Текебаев Кыргыз мамлекетине жакшы бир көрүнүштү алып келди. Эл өз чөнтөгүнөн айлык берип багып жаткан чиновниктердин кайсы акчага кабат-кабат үйлөрдү салып, кымбат баалуу батирлерди алып жатканын териштире баштады. Демократиялык коомдо элдин атынан өлкөнү башкарууга барган кызматкерлер жарандарга мындай отчётту берип турушу керек. Текебаевге окшоп мүлкүн элге көрсөтүүгө ажонун айланасындагы чиновниктердин эрки жетеби?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан