27-сентябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети "Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган "Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө" Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды.
Баяндама жасаган экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаев ишкерлерди жана өлкөнүн экспорт өндүрүшүн колдоо максатында түзүлгөн Марракеш макулдашуусуна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр соода байланышындагы жол чыгымдарын 10-15 пайызга азайтарын билдирди.
Андан тышкары жыйында эркин экономикалык аймактардын ишин жакшыртуу максатында Жогорку Кеңештин "Эркин экономикалык зоналардын маселелери боюнча өкмөткө тапшырма жөнүндө" токтомунун аткарылышы тууралуу да маалымат угулду. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү өкмөткө облустардагы башка эркин экономикалык аймактардын да ишин кайрадан карап чыгып, өлкөгө пайда келтиргидей даражада иш алып баруусун көзөмөлгө алуу тапшырмасын беришти.