Кыргыз Республикасында мугалимдердин орточо айлыгы 14 миң сом. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Каржы министрлигинин өкүлү Улуттук статистикалык комитетинин отчётуна таянып билдирди.
Анын айтымында, 2011-жылдан тарта мугалимдердин айлыктарын көтөрүү программасы ишке аша баштаган. "Айлык акынын өлчөмү мугалимдин тажрыйбасына жана квалификациясына байланыштуу. Эң төмөн айлык 6 миң сом, эң жогорку айлык 19 670 сом", - деди ал.
Депутат Айсулуу Мамашева 19 миң сом айлык алган бир да мугалимди тааныбаганын айтты. Андан соң ал "Мугалимдердин айлыктары көтөрүлөбү?" деп суроо берди. Буга өкмөт өкүлдөрүнөн эч ким жооп бере алган жок. Каржы министрлигинин өкүлү учурда өкмөт мугалимдердин айлыктарын көтөрүү үчүн каржы булактарын издеп жатканын баса белгиледи.