"Чектөөсүз 4G" - өлкөнүн алдынкы мобилдик оператору тарабынан сунушталып жаткан супер-тариф аптасына 7 күн, суткасына 24 саат бою интернетти чектөөсүз колдонгондордун көңүлүнө төп келе тургандыгы бышык. Тарифти токтоосуз азыр кошуунун 4 себеби:
- Модем белекке. Тарифти 30-сентябрга чейин кошуп жана эки ай үчүн төлөм жүргүзүү менен сиз заманбап 4G модемди толугу менен акысыз аласыз. Акция боюнча тарифти эки айга кошуу наркы 2580 сомдун ордуна 2000 сомду түзөт.
- Акысыз Wi-Fi роутер. Тарифти ушул жылдын аягына чейин кошууда жана 3 ай үчүн төлөм жүргүзүүдө 4G Wi-Fi роутер сизге акысыз берилет. Акция боюнча тарифти үч айга кошуу наркы 3870 сомдун ордуна 3100 сомду түзөт. Муну менен сиз өз каражатыңызды үнөмдөй аласыз.
- Бул ыңгайлуу. "Чектөөсүз 4G" - жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет достору жана жакындары менен баарлашуу, видеороликтерди жана фильмдерди HD форматта көрүү, музыка дүйнөсүнүн жаңылыктарын жүктөө жана башкалар үчүн абдан ыңгайлуу.
- Бул пайдалуу. Болгону 1290 сом үчүн 4G түйүнүндө максималдуу ылдамдыктагы 30 күн интернетке ээ болосуз.

4G түйүнүнүн каптоо картасы, "Чектөөсүз 4G" тарифин кошууга жана башкарууга байланыштуу маалыматтар компаниянын megacom.kg сайтында жайгаштырылган.
Эгерде сизде тариф же компаниянын башка опциялары боюнча суроолор пайда болсо, Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык түйүндөрүндөгү компаниянын расмий баракчалары аркылуу жана *500 номуруна чалып кайрылсаңыз болот.
MegaCom`дон 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!