“15-апрелде зордуктоо кылмышы боюнча Бишкек шаарынын 35 жаштагы жараны кармалды”. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Айтылгандай, окуя тууралуу борбордун 23 жаштагы тургуну Э.И. милицияга арыз менен кайрылып, “Дордой” жаңы конушунан саат 23:00 чамасында бейтааныш азиат улутундагы адам күч колдонуп зордуктады”,- деп билдирген. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн Свердлов РИИБинин кызматкерлери аракет көрүп, зордуктоо ишине шектүү катары 35 жаштагы С.И. аттуу жаранды кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.