Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетин колдоодон баш тартты. Тагыраагы, 27-сентябрда парламенттин тармактык комитетинде каралган Баш мыйзамга түзөтүү киргизүүгө тийиштүү "Референдум жөнүндө" мыйзам долбооруна аталган эки лидер кол коюшкан эмес.
Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бийликтин бул демилгесине башынан эле каршы. Ошондо парламенттеги 6 фракциянын үчөөсүнүн жетекчиси сунушталган өзгөртүүлөргө макул эместигин билдирди. Башында фракция жетекчилеринен Текебаев гана каршылык көрсөтүп жаткан. Демилге бийликти узурпациялоого багытталганына Төрөбаев менен Сулаймановдун да көзү жеттиби? Ал эми КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журттун" лидерлери колдоп жатышат.