Кар кишиге (йети) аңчылыкка чыккан америкалык Рик Дайер жана Мэттью Уиттон АКШнын Жоржия штатындагы токойлордон кар кишинин чала жан жатканына күбө болушкан (кар киши көбүнчө жомоктордо, мифологияда кездешет деп айтылып келет). "Биз аны тапкан учурда олуттуу жарадар болчу. Өзүнө түспөлдөш жандыктар менен болгон кармашта жаракат алса керек. Ага дары сүйкөп көрдүк, бирок баары бир өлүп калды", - деп билдирген "Planet Today" басылмасына аңчылар.
Жакынкы убакытта изилдөөчүлөр кар кишинин канын жана денесин Калифорнияда өтө турган конференцияда көрсөтүшөт. Маалыматтарга караганда, анын бою 2,5 метр, салмагы 225 килограммды түзөт. Аңчылардын айтымында, кар киши маймылга караганда адамга көбүрөөк окшош болгон. Сүрөттөр кийинчерээк жарыяланат деп маалымдалганы менен, интернетке кар киши делген бир нече сүрөт чыгып кеткен.