Шамиль Атаханов өз ара жаңжалдашкан УКМК өкүлдөрү менен милиция кызматкерлерин "кылмышкерлер" деп эсептейт
Вице-премьер-министр Шамиль Атаханов өз ара жаңжалдашкан УКМК өкүлдөрү менен милиция кызматкерлерин "кылмышкерлер" деп эсептейт. Мындай пикирин вице-премьер-министр бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, ал атайын кызматтардын да, ИИМдин да ишмердиги менен жакшы
тааныш. “Бул окуя бардык күч түзүмдөрүн кылмышка аралаштырган өткөн бийликтин
калдыктарынын бар экендигинин көрсөткүчү. Куугунтуктоого кабылып,
бирок кайра ИИМдин катарына кабыл алынган ИИМдин айрым кызматкерлеринин
кылмыштуулукка тиешеси бардыгын мен аныктагам. Бул адамдар ИИМдин ички түзүмүндө
уюшкан кылмыштуу топторду түзүп коё жаздашкан”,- деди Атаханов.