Сүлүктү шаарында шахтадан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-сентябрда саат 15:05 чамасында Сүлүктү шаарындагы "Кызыл-Булак" шахтасынан өрт чыккан. Өрт болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары барып, өрт болуп жаткан тилкени тосуп, шахтаны газдан тазалап беришкен.