Төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды текшерүүнүн себебин айтты

Парламентте төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды текшерүү боюнча өзүнө карата айтылып жаткан сындарга жооп берди. "Мени бир күндө эки жолу текшеришет. Негизи, оперативдүү маалыматтар болгону үчүн депутаттар текшерилип жатат. Эгер депутаттардын укугун аша чаап бузбай, мыйзам чегинде текшерсе болот. Мисалы, "Хаят" мейманканасына барсаң, депутаттык статуска карабай баарын текшерет",- деп жооп берди. Буга депутат Өмүрбек Абдрахманов макул болбой "урматтуу төрага, сиз өтө калп айтып койдуңуз. "Хаятта" депутаттарды текшербейт, биз иш-чараларга барып турабыз. Сизди Бакиевдин убагында текшерген болушу керек",- деди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан