Ички иштер министри: "УКМКнын өкүлдөрү менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал мыйзам чегинде иликтенүүдө"

"УКМК жана ИИМ кызматкерлеринин ортосунда болуп өткөн чатак үчүн Свердлов РИИБинин башчысы кызматынан бошотулду",- деди бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында Ички иштер министри Абдулла Суранчиев. Анын айтымында, жаңжал болуп өткөндөн кийин Свердлов РИИБинин кызматкерлери менен жыйын өткөрүлгөн. “Ишти иликтөө көз карандысыз жүрүшү үчүн РИИБинин башчысы кызматынан алынды. Биз учурда иликтөө жүргүзүп жатабыз. Бир милиция кызматкери ооруканада жатат, кармалган милициянын бири чыгарылды, бирөө камакта. Мыйзамга ылайык чараларды көрүп жатабыз”,- деди Суранчиев. Айта кетсек, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал 12-апрелде болуп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан