Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин кароону улантмак. Бирок прокурор келбей калганына байланыштуу соттук отурум 7-октябрга жылдырылды.
Буга чейинки соттук отурумда кылмышка шектүү Айдай Субанова сурак берип, тергөөдө берген көрсөтмөсүн өзгөрткөн. Ал күйөөсүн өлтүрбөгөнүн айтып, аны белгисиз адамдар өлтүргөнүн билдирген эле.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун А.Субанова аттуу аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.