Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында Конституцияны өзгөртүүгө жол ача турган "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Жыйында "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров долбоорго өзүнүн сунушу киргизилбей калганына нааразы болду. Долбоор боюнча баяндама жасаган "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев кесиптеши Жапаровго: "Авторлордун катарында башка фракциялар дагы бар. Алар КСДП жана "Республика-Ата Журт" фракциялары. Биз азчылык болуп, сунуштарыбыз кирбей калды. Сиздин сунушуңуз да киргизилбей калды окшойт", - деген жооп узатты.
Мындан кийин Жапаров: "Долбоорду колдогон депутаттардын катарында мен да бармын. Президенттин "парламенттик башкарууда калалы" деген демилгеси ишке ашпай калды окшойт, анткени менин сунушум парламенттик башкарууну бекемдөө болчу", - деп нааразычылык билдирди.
Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев: "Кызыктай жагдай түзүлдү. Авторлор бул жерге чыгып алып бири-бириңерге суроо берип жатасыңар. Документке кол койгонуңардан кийин бул жерде мыйзамды мактап гана туруңушар керек эле", - деди.