Ошто "эл аралык террордук топтун мүчөсү" деп айыпталган 4 жаран соттолду

Ошто "эл аралык террордук топтун мүчөсү" деп айыпталган 4 жаран соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-сентябрь күнү Ош шаардык соту “Ислам мамлекети” деп аталган эл аралык террордук топтун 4 мүчөсүнө карата чечим чыгарды. Ага ылайык, 1995-жылы туулган Х.А. 16 жылга, 1989-жылы туулган Р.А. 10 жылга, 1994-жылы туулган Т.Ш. 18 жылга, 1994-жылы туулган З.М. 17 жылга эркинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөшөт.

Алар чет өлкөдө иштеп жүргөн учурда террордук топтун идеяларына азгырылышкан. Кийин Ош облусунун 5 тургунун өлтүрүү жана террордук топту каржылоо максатында бир катар каракчылык фактыларын жасоо үчүн Ош шаарына жөнөтүлгөн”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан