Кочкор районундагы №15-кесиптик лицейдин директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-2016-жылдар аралыгында аталган лицейдин кызмат адамдары иштебеген адамга 90 949 сом жана 8 кызматкердин айлык акысына жалпы 78 286 сом негизсиз которушкан. Ошондой эле лицейдин директору ДТ-75 маркасындагы тракторду жана электрондук барсканды металлоломго сатып жиберген. Мыйзамсыз иштердин кесепетинен мамлекетке 200 235 сом зыян келтирилген.
Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “шалаакылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.