Александр Белунскас Бишкектин Свердлов РИИБинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Александр
Белунскас
Бишкек шаарындагы Свердлов
райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин маалымат кызматы
билдирет. Тиешелүү буйрукка Ички иштер министри Абдулда Суранчиев 15-апрелде кол койду. Айта кетсек, буга чейин Свердлов РИИБин Айбек Нусубалиев жетектеп келген. Анын кызматтан кетишине 12-апрелдеги УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү менен аталган РИИБдин кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал себеп болгон.