“Бишкек шаарында мектеп рэкетчилиги менен алектенген окуучулар кармалды”. Бул маалыматты бүгүн,
16-апрелде Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Айтылгандай, окуя тууралуу 24 жаштагы Н.Ш. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, “5-класста окуган Э.У. аттуу инимден ушул эле мектептин 7-класстагы окуучулары акча талап кылып алышкан” деп билдирген. Арыздын негизинде Октябрь РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүп, А.У. жана Н.Р. аттуу 14 жаштагы мектеп окуучуларын колго түшүрүштү. Мындан сырткары ушул эле окуучу балдардын үстүнөн дагы 3 арыз түшкөнү айтылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.