Бишкектеги кафелердин биринен мас абалда кыздарды ур-токмокко алган жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Борбордогу эс алуучу жайлардын биринен кардарларды ур-токмокко алган жаранга "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бүгүнкү күндө эс алуучу жайдын кызматкерлери суракка алынып, кылмышка шектүүнү издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Эске салсак, окуя 22-августта борбордогу кафелердин биринде орун алган. Анда мас абалдагы болжол менен 55-60 жаштагы Мирлан аттуу киши кафенин кардарларына тийишип, терс жооп алганда аларды ур-токмокко алган. Социалдык тармактарга жабырлануучулардын бири аларды сабаган жаранды табууга көмөктөшүүнү өтүнүп билдирүү тараткан болчу.