Кытай. Хуэйцзе аймагында 16 адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кытайдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Хуэйцзе аймагында 16 адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-сентябрь күнү таң эрте 6 үйдүн короосунан 16 адамдын жансыз денеси табылган, алардын ичинен үчөө жаш балдар болгон.

"Каза тапкан 16 адам 4 үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Кылмышка шектүү катары кармалган жаран окуя болгон жерден 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Куньмин аймагынан колго түшүрүлгөн. Мындай акылга сыйбаган кадамга барууга эмне түрткү болгону иликтенүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Boldukan86
2016-09-30 09:46:06
Тооба кылдым. Астафируллох
+7
ekaterinburg
2016-09-30 09:59:37
Шашлык кылып жесе керек да...Чикатилло..
-3
elmurat.kg
2016-09-30 10:59:25
кантип табышат экен а кытайлар баарбир кытайда....
биздикилер 2жылдан бери Даткайымды ким олтургонун билише элек...кичине Кыргызстандан
+1
kani-esen
2016-09-30 11:22:35
elmurat.kg,Даткайым ким эле??
+2
UlukmanKalyev
2016-09-30 11:42:51
Кытайдын мыйзамындай мызам керек бизгеда. Кытай олигархтарында аябай олум жазасына тартат корупциялык иштери болсо.
+2
nurtai
2016-09-30 14:18:31
Kytaida zakon kuchtuu owogo jarawa iwteit.A bizde zakon bar toltura birok,iwtebeit.Kylmywkerler boiuncha bizde da jakwy iwtep tabat birok,owol jerden buttu japty-japty kylyp koet.
+1
AKCAHAT
2016-09-30 15:27:00
Маньяк го 16 адам олтурсо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан