Бүгүн, 16-апрелде ЖКда Координациялык кеңештин жыйынында башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстандагы коррупциялык иштер көп катталган мекемелерди атады. Башкы прокурордун айтымында, 2012-жылы өлкөдөгү мекемелерде коррупциялык иштердин саны төмөндөгүдөй болгон.
Айыл өкмөттөрүндө - 253
Мэрия жана акимчиликтерде - 121
Билим берүү тармагында - 73
Ички иштер министрлигинде - 69
Мамлекеттик каттоо кызматында - 49
Саламаттыкты сактоо тармагында - 46
Салык кызматында - 40
Энергетика тармагында - 27
Транспорт жана байланыш тармагында - 26
“Биз чоң кызматтарда отурган аткаминерлердин да коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендигин иликтеп жатабыз. Мисалы, депутаттар Нариман Түлеев жана Элмурат Обдуновго карата кылмыш иштери козголгон”,- деди Салянова.